Региондордо жашоо: Сокулуктун 15 жаштагы улакчысы Кененбаевага 10 миң долларлык ат тапшырылды
Шоола Кененбаева, 15 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Тош-Булак (Төш-Булак) айылында жашайт, деп билдирет биздин регионалдык кабарчы. Шоола кичинесинен спортко, өзгөчө көк-бөрүгө кызыгып, азыр белгилүү ат Валуевде машыгып жатат. Ал өз үй-бүлөсүндөгү алты баланын ичинен төртүнчү орунду ээлейт жана Рабком Кулданов атындагы орто мектептин 10-классында окуйт.