
Шаар башчысы акыркы үч жылда Бишкекке Кытайдан 1000 жаңы газ автобустары келгенин, алар 3000ден ашык микроавтобустарды алмаштырганын белгиледи. Ошондой эле, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен борбордо 120 электробус, 85 заряддоо станциясы пайда болду, ошондой эле автобус деполору № 1 жана 2 толугу менен жаңыртылды.
«Азыр шаарда күн сайын 1500дөн ашык коомдук транспорттун бирдиги иштеп жатат. Жакынкы келечекте Yutong маркасындагы 95 жаңы 12-метрлик автобустун келиши күтүлүүдө. Бул тармакта 3500дөй адам эмгектенет, алардын арасында 2500 айдоочу бар», — деп кошумчалады Айбек Джунушалиев.


Ал ошондой эле жол иштерине чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. 2025-жылы 125 көчөнү капиталдык ремонттоо пландалууда, ошондой эле 38 көчөнүн тротуарларын жаңыртуу пландаштырылган. Учурда 51 көчө оңдолуп, 20 миңден ашык метр тротуар калыбына келтирилди.
Жол долбоорлорунун алкагында 300дөн ашык атайын техника жана 1000ден ашык адис тартылган. Ошондой эле төрт көпүрөнүн курулушу улантылууда, алардын бири уже пайдаланууга берилди.