Манас шаарында «Дастан Курулуш» курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолугушуу өттү
Манас шаарында «Дастан Курулуш» курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар менен жолугушуу өттү. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жабыркагандар менен жолугуп, алардын тарткан зыяндары тууралуу билдирүүлөрүн угуп, аталган компаниянын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Иш-чарага 100дөн ашык адам катышты. Жабыркагандар курулуш объекттерин камакка алынган компаниянын мүлкүн колдонуп бүтүрүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча маанилүү маселелерди