А.Атамбаевдин түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитиндеги сөзү.
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин саммити жакынкы элдердин биримдигинин көрсөткүчү болду, деди А.Атамбаев. Мамлекет башчысы жыл сайын саммиттин мааниси өсүп жатканын белгиледи. «Бишкекте өткөн саммитке 3 президент катышты, Габалдагы саммитте 4 президент болду, ал эми бүгүн алар бешөө. Мен жыл сайын түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин институтунун негиздери бекемделип жаткандыгына кубанычтамын. Биз Академия, Түрк мурастары фонду түздүк. Көчмөндөр оюндары өткөрүүнү пландап жатабыз.