Тажик-афган чек арасында РТ күч кызматкерлери үч контрабандистти жок кылышты
Куралдуу кагылышуу контрабандисттер менен Тажикстан-Авганистан чек арасында болду. Тажикстан ГКНБнын Чек ара күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 29-январда саат 19:30да беш авган жараны «Бахорак» чек ара постунун аймагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүштү. Ведомство мыйзам бузуучулардын кыймыл маршрутуна тактоо жүргүзүп, андан кийин чек арачылар аларды кармоо аракетин жасашты.