
Сапар учурунда Мамыров пункттун кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Өзбекстандан көчөттөрдү зарыл сертификаттар жана коштоочу документтерсиз алып келүүгө жол берилбестигине көңүл бурду. Бул чаралардын негизги максаты фитосанитардык нормаларды сактоо жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу.
Мындан тышкары, Арпасай айылындагы жергиликтүү бакчылар менен жыйын өткөрүлүп, мыйзамсыз көчөт жүгүртүүнү токтотуу маселеси талкууланды. Кызматтын адистери бакчылардын ишин уюштуруу үчүн бирдиктүү кооператив түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйын катышуучуларына мамлекеттик жеңилдетилген кредиттерди берүү шарттары, айыл чарба техникаларын лизингге алуу мүмкүнчүлүктөрү жана чыгарылган көчөттөр үчүн сертификаттарды алуу тартиби түшүндүрүлдү. «30+20+10» долбоорунун алкагында өндүрүштү кеңейтүү жана айыл чарбада жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган колдоо чаралары айтылды.
Абдумалик Мамыров жыйын учурунда фитосанитардык коопсуздуктун өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү элементи экенин баса белгиледи. Ал контрабанда менен күрөшүүнүн жана мыйзамдарды катуу сактоонун зарылдыгын белгилеп, сертификатталбаган көчөттөрдүн жүгүртүүсүн толугу менен токтотуу үчүн мамлекеттик көзөмөл органдары менен бакчылардын биргелешкен аракеттери гана натыйжалуу болорун айтты.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзамдарды сактоо, сапаттуу жана сертификатталган көчөт өндүрүшүн өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик программаларга активдүү катышуу бакчылар жана фермерлер үчүн негизги приоритеттер болушу керек деген чечим кабыл алынды.