Манас шаарында 14 кабаттуу турак жай комплекси курулушу токтотулду
Жалал-Абад облусунда, Манас шаарында 14 кабаттуу турак жай комплекси курулушу токтотулду. Мунун себеби мыйзам бузулуулары аныкталганы болуп, бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Пландан тышкаркы текшерүү учурунда жумуштар зарыл уруксат документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Мындан тышкары, фундамент плитасын бетондоо жер иштерин аяктоодон мурун жүргүзүлгөн.