Бишкекте жеткиликтүү эмес аймактарда күн энергиясы долбоорлорун ишке киргизүү талкууланды
Бишкекте Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен инвестиция жана өнүктүрүү менен алектенген эл аралык Vantagion terra group limited компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Агенттиктин басма сөз кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.