Сокулукте айдоочу мектеп окуучусун өлтүрүп кетти
Чүй облусунда мектеп окуучусун өлтүрүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Окуя 2025-жылдын 28-ноябрында, саат 11:30 чамасында болгон. Сокулук районунун ИИБине Фрунзе жана Краснодарская көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.