Региондорду өнүктүрүү фонддору долбоорлорду колдоого 900 млн сомдон ашык каражат бөлүштү
Кыргызстанда Региондорду өнүктүрүү фонддору социалдык-экономикалык демилгелерди колдоп, өлкөнүн ар кандай региондорунда жашоо шарттарын жакшыртууга жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, фонддордун каржыланышы кен казуучу компаниялардан жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу лицензиялык төлөмдөрдөн алынган акчалардан жүргүзүлөт.