Минэнерго Кыргызстаны эки кытай компаниясы менен күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койду
Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн Эл аралык форумда Кыргызстан Республикасынын энергетика министрлиги менен «States Technology Co., Limited» жана «San Energy Co.» компанияларынын ортосунда Инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул келишимдин алкагында Кыргызстанда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу пландалууда.