
Албаниядагы күрөш боюнча рейтингдик турнире Кыргызстандык спортчу Гулнура Таштанбекова коло медаль утту, деп билдирет Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW).
65 килограмм салмак категориясындагы мелдеште Гулнура 1/4 финалда Россиялык Алинага Касабиев менен беттешип, жеңилип калды. Бирок, Касабиева финалга чыккандыктан, кыргызстандыкка коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Үчүнчү орун үчүн чечүүчү беттеште Гулнура Индиялык каршылашына 4:3 эсебинде жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, турниринин үчүнчү күнүндө Мээрим Жуманазарова да күмүш медаль утуп алган.