Албаниядагы күрөш турнири. Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева финалга чыкты

Евгения Комарова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Албаниядагы күрөш турнири. Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева финалга чыкты
Сүрөт UWW. Айпери Медет кызы
Албанияда өтүп жаткан рейтингдик күрөш турнирине кыргызстандык Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева ишенимдүү түрдө финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдады.

76 килограммга чейинки категорияда Айпери Медет кызы Түркия, Болгария жана Казакстандык спортчуларды 35:2 жалпы эсеп менен жеңип, таасирдүү күрөш көрсөттү.

Чечүүчү беттеште ал Эквадордук күрөшчү менен жолугушат.

Нурзат Нуртаева болсо 72 килограммдык категорияда Польша, Индия жана Болгариялык атаандаштарын ийгиликтүү жеңди.

Эми анын финалдык беттеши Казакстандык спортчуга каршы өтөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: