PWL 11 иш-чарасы 27-мартта Өзбекстандын борбору Ташкентте өтөт.
59 кг салмак категориясында Сезим өзүнүн атаандашы, Азиянын вице-чемпиону Лайлохон Собировага каршы күрөшөт.
Турнирде Акжол Махмудов, Абдумалик Карачов жана Өмүрбек Асан уулу да атаандаштык кылышат.
Башында Айпери Медет кызынын Япониянын олимпиада чемпиону Юка Кагами менен беттеши пландаштырылган, бирок бул беттеш жапон спортчусунун жаракат алганы үчүн жокко чыгарылды.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация PWL | Professional Wrestling League (@wrestliga_com) тарабынан