
"Манчестер Юнайтед" 100 миң көрүүчүнү сыйдыра турган жаңы стадионду куруу боюнча жаңыланган планын жарыялады. Проект "Wembley of the North" деп аталат жана толугу менен жеке каржылоого негизделет.
Клубда мамлекеттик бюджеттен каражат пайдаланылбай тургандыгын белгилешти. Мурда клубдун тең ээси Джим Рэтклифф мамлекеттик колдоону тартуу мүмкүнчүлүгүн билдирген болсо, азыркы жетекчилик проект жеке инвестициялардын эсебинен гана каржыланарын тастыктады.
Ошентсе да, "Манчестер Юнайтед" жаңы стадиондун аймагындагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууда өкмөттүн колдоосуна ишенет. Клуб арена жана анын айланасындагы аймакты толук кандуу иштетүү үчүн логистикалык жакшыртуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Стадиондун курулушун аяктоо иштери төрт-беш жылдын ичинде жүргүзүлөт. Бирок, жер тилкелерин сатып алуу, керектүү уруксаттарды алуу жана инвестицияларды тартуу сыяктуу алдын ала этаптар кошумча бир-эки жылды талап кылышы мүмкүн.