Генсек КФС түштүк өлкөдөгү футбол стадиондорун текшерди
Кыргыз футбол союзунун (КФС) Генералдык секретары Медербек Сыдыков түштүк регионго жумушчу сапар менен чыгып, бир нече футбол стадиондорунун абалы менен таанышып чыкты. КФСтин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү иштерине спорттук объектилердин техникалык жабдылышы менен алектенген адистер жана уюмдун жетекчилиги катышты.