Бул алтынчы оюндары Кыргызстан аймагында өтөт.
Конкурсту уюштурууну Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция жүргүзөт.
Конкурстун шарттарына ылайык, дизайн улуттук стилинде жана кочмондор оюндарынын атрибутикасы менен жасалган баш кийим, жогорку кийим, эркектер үчүн шым жана аялдар үчүн көйнөктү камтышы керек. Ошол эле учурда форма заманбап эстетикалык стандарттарга жооп бериши керек.
Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат.
Конкурстун жеңүүчүсү 200 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана сертификат менен сыйланат.
«Эң мыкты үлгүлөр расмий иш-чараларда колдонуу үчүн сунушталышы мүмкүн. Ошол эле учурда, эң мыкты иштердин автордук укуктары Дирекцияга өтөт жана алардын колдонулушу ушул уюмдун макулдугу менен гана мүмкүн», - деп айтылат билдирүүдө.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация sport.gov.kg (@sport.gov.kg) тарабынан