Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин делегациясы Наманганга барды
Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин делегациясы, ректор Абдилбаэт Мамасыдыковдун жетекчилигинде, Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетине расмий визит жасады. Наманган мамлекеттик университетинин ректори, профессор Абдугаффар Кыргызбаев менен болгон жолугушууда жогорку билим берүү мекемелери ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.