
Казакстанда ИИ боюнча FAIO 2025 (Fizmat AI Олимпиадасы) экинчи Эл аралык олимпиада өттү.
Сынактын финалдык этабына жети өлкөдөн: Казакстан, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кипрден 47 команданы өкүлдөгөн 113 мектеп окуучусу чогулду, деп билдиришти Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинен.
Сынактар эки этаптан турган. Биринчи турунда катышуучулар таблицалык машиналык үйрөнүү, ИИ-агенттерди түзүү жана үндү иштетүү боюнча үч тапшырманы чечишти. Экинчи тур компьютердик көрүү жана сунуш системалары боюнча тапшырмаларды камтыды.
FAIO үчүн тапшырмаларды даярдоону Google, Huawei, Beeline жана Freedom сыяктуу компаниялардын эксперттери камсыз кылышты.
Кыргызстанды олимпиадада эки команда өкүл болду:
1. ОК “Маариф”: Матвей Низовский, Сабыр Алымбеков жана Бекжан Рыспеков.
Жетекчилери: Эльчибек кызы Кундуз жана Артем Беляев.
2. СОШ №61: Канат Курманбеков, Иса Боржоев жана Эрлан Боронбаев.
Жетекчиси: Гульнара Гадеева, Артем Беляев.
Сынактын жыйынтыгында ОК “Маариф” командасы коло медаль утту. FAIOнун уюштуруучусу НАО «Республиканская физико-математическая школа» болду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын августунда Матвей Низовский Кыргызстан үчүн ИИ боюнча эл аралык олимпиадада биринчи медалды алып келген.