
Кечээ, 13-октябрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Эл аралык астрономия олимпиадасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн жаш астрономдор катышууда: Тайланд, Болгария, Армения, Чехия, Украина, Индия, Корея, Италия, Казакстан, Россия Федерациясы, Эстония, Румыния, Канада, Швеция, Пакистан, Иран, Канада, Москва шаарынын командасы.
«Астрономияны үйрөнүү ар дайым актуалдуу болуп келген, айрыкча азыркы 21-кылымда космосту активдүү изилдөө жана астрофизикалык билимдердин жаңы чегине чыгуу доорунда» - деди КРнын билим берүү жана илим министри К. Садыков.
Ал ошондой эле, «Алтын Туйун» республикалык инженердик-техникалык академиясынын тарбиялануучулары бир нече ирет ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери болушканын, жана кечээ астрономдордун командасы Казакстандан кайтып келип, экинчи орунду ээлегенин белгиледи.
Олимпиада 14-21-октябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Олимпиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2014-жылдын 20-октябрында, саат 15:00дө «Кыргызское взморье» санаторийинде өтөт.

Кыргызстандын жаш астрономдору XX Эл аралык астрономия олимпиадасын өткөрүү укугун, иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө аталган өлкөнүн өкүлдөрүнө өткөрүп беришет.
Соревновательдик бөлүктөн тышкары, иш-чаранын программасы олимпиада катышуучуларына Кыргызстандын маданияты жана тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн да карайт. Олимпиаданын катышуучулары Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы музейлерди, Семеновское капчыгайын, ошондой эле Ысык-Көл көлүндө теплоход менен сейилдөөнү, Ысык-Көл облусунун этникалык комплекси «Рух Ордо» боюнча көркөм өз алдынчалык менен таанышууга, ошондой эле кыргыздын салттары жана улуттук ашканасынын тамактары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
