17-сентябрда, 17-Азия оюндарынын олимпиадалык айылында (Инчхон, Түштүк Корея) Кыргыз Республикасынын желегинин салтанаттуу көтөрүлүшү болду. Иш-чарага Кыргызстан, Индонезия, Иордания, Малайзия, Непал жана Мальдив аралдарынын спорт делегациялары катышты.
Спортчыларга куттуктоо сөзү менен олимпиадалык айылдын мэри Элиса Ли чыгып сүйлөдү. Ал аларга ийгиликтерди жана жакында боло турган старттарда ийгилик каалады.
Андан кийин мэр бардык делегация жетекчилерине, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловго эстелик белек тапшырды. Өз кезегинде ал Элиса Лиге ыраазычылык белгиси катары эстелик белек тапшырды.
Иш-чаранын аягында командалар олимпиадалык айылдын мэри менен сүрөткө түштү.
Нурдин Султамбаев