
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги өлкөнүн мектептерине 1-класстардын окуучулары үчүн математика боюнча заманбап окуу-методикалык комплекстерди жеткирүүнү аяктады. Ведомствонун маалыматы боюнча, Бишкектеги профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин 1-класстын окуучулары жаңы окуу китептери боюнча билим алууга киришти.
Бул окуу материалдары балдардын логикалык ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө, алардын математикалык билимдерин тереңдетүүгө жана предметти үйрөнүүгө кызыгуусун жандандырууга багытталган.