БШКнын мүчөлөрү бул билдирүүнү канааттандыруу чечимин кабыл алып, анын каттоосун жокко чыгарды.
Мурда милиция кызматкерлери БШКга Халилованы добуш сатып алуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. БШК бул өтүнүчтү кабыл алды.
БШКнын жыйынында Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кандидатты добуш сатып алуу схемасын уюштурууга катыштыгы далилденгенин маалымдады. Бул боюнча анын жактоочусу кармалды, ага качпоо тууралуу тил кат жазуу түрүндөгү чара белгиленди. Ошондой эле дагы эки үгүтчү жоопкерчиликке тартылды. Кармалгандардын колунан шайлоочулардын тизмеси жана 7 миллион 159 миң сом алынды.
- Гульназ Халилова мурда Бишкек шаардык кенешинин 28 жана 29-чакырылыштарында «Ынтымак» фракциясынан депутат болуп иштеген. Ал Жогорку Кенештин депутаты болуп №24 шайлоо округунан (Свердлов округу) көрсөтүлгөн.