Президент Япониянын Кыргызстан үчүн жакын өнөктөш жана дос катары маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жыл сайын күчөп бара жатканын баса белгиледи.
Садыр Жапаров жаңы элчинин иши кыргыз-япон байланыштарын өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө көмөктөшөт деген үмүтүн билдирди.
Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.
Өз кезегинде, Рюити Хирано президентке жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Япония менен Кыргызстан ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.
Элчи ошондой эле Япониянын императору Нарухитодон жана премьер-министри Санаэ Такаитиден жүрөк жылыткан саламдарды тапшырды, алардын президентти жакын арада Японияга визитке чакырууга даярдыгын белгилеп өттү.

Ал активдүү кызматташтык жана эки өлкөнүн жетекчилигинин колдоосу менен япон-кыргыз мамилелери динамикалык өнүгүп, жакын арада жаңы мазмунга ээ болот деп кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.