IV съезд Советтердин Кыргыз АССРдеги биринчи Беш жылдык жыйынтыктары боюнча отчет. Документ №87 (1934-жылдын декабры)
IV СЪЕЗД СОВЕТОВ КЫРГЫЗСКОЙ АССР ОБ ИТОГАХ ПЕРВОГО ПЯТИЛЕТНЕГО ПЛАНА РАЗВИТИЯ НАРОДНОГО ХОЗЯЙСТВА КЫРГЫЗСКОЙ АССР МАТЕРИАЛДАРЫНАН
Фрунзе шаары 31-декабрь 1934-жыл.
Алгачкы Пятилетка башталганда эле экономикалык өнөр жайдын негиздери салынган: көмүр өнөр жайы реконструкцияланган, анын продукциясы 1928-жылы 3 млн. 473 миң рублга жеткен; биринчи Пятилетка башталгандан мурун курулуп, пайдаланууга берилген: жибек жонуу фабрикасы (Ош - 1927-жыл), типография №1 (Фрунзе), пахта тазалоо заводу №1 (Кара-Су, 1926-жыл), терини иштетүү заводу (Фрунзе - 1927-жыл), жемиш суусундуктар заводу (Фрунзе - 1925-жыл), сабын заводу (Фрунзе - 1927-жыл), кирпич заводу (1926-жыл), кичине курулуштарды эсепке албаганда, азыркы кустпромсоветинин линиясы боюнча курулуштар. 1927/28-жылдары Кыргызстанда 14 цензалык ишканалар жылдык жалпы продукциясы 10311 миң рублга жеткен...
Биринчи Пятилеткада Аламедин Гидроэлектр станциясынын курулушу 1594 миң рублга бүткөрүлдү, импорттук турбиналар жана генераторлор менен жакшы жабдылган (мощность 410 кВт), Фрунзенская жылуулук* (Текстте «топливной») электростанциясы №1 курулуп, 558 миң рублга бүткөрүлдү жана жылуулук борбордук станциясы №2нин курулушу башталды...
...Эң ири объект, союздук мааниге ээ, тамак-аш өнөр жайы боюнча, эт комбинатынын курулушу (Фрунзе шаары, 1931-жылы ишке киргизилген) 5 млн. 072 миң рублга инвестицияланган, бул тамак-аш өнөр жайына болгон бардык инвестициялардын 28,4%ын түзөт. Завод акыркы технология менен жабдылган, жакшы шарттарда жашаган жумушчу шаарчасы жана маданий тейлөө объекттери менен камсыздалган.
Мындан тышкары, тамак-аш өнөр жайы боюнча курулуп, пайдаланууга берилген: ферментация заводу (Фрунзе - 1932-жыл, 1 млн. 470 миң рублга инвестицияланган), сүт өндүрүшүн кайра иштетүү боюнча брынзотресттин ишканалары 415 миң рублга инвестицияланган, жемиш суусундуктар заводу жана сыра заводу 530 миң рублга инвестицияланган, макарон фабрикасы 486 миң рублга инвестицияланган (аякталган эмес жана консервацияланган), жана элеватор.
Биринчи Пятилеткада Зеленский атындагы терини иштетүү заводу 699 миң рублга толук жабдылган.
Жакынкы баткак жерлерди кургатуу иштери жүргүзүлдү, шоссе жолу тартылды, турак үйлөр курулду.
Революцияга чейин Кыргызстанда полиграфия өнөр жайы Фрунзе шаарында жалгыз полукустардык типография менен чектелген. Пятилеткада райондордун борборлорунда бир нече типографиялар курулган.
Фрунзенская типографиясынын имараты курулган, Орто Азиядагы эң жакшы типография. Биринчи Пятилеткада полиграфия өнөр жайына 880 миң рублга инвестицияланган.
Учурда Кыргызстандагы промкооперация чоң механизацияланган ишканаларга ээ, мисалы: «Интергельпо» жүн фабрикасы, жылдык өндүрүшү 300000 м жүн; терини иштетүү заводу жылдык өндүрүшү 800 миң дцм жогорку териден (хром - шеврет); ошол эле «Интергельпо» механикалык мастерскаясы жылына 600,5 миң рублга металл буюмдарын өндүрөт; тамеки фабрикасы (Киргизтабакпрома) жылдык өндүрүшү 65000 кутуча махорка; тигүү-трикотаж фабрикасы (горшвейодежда) жылына 2,5 млн. рублга продукция чыгарат. Уразбеков атындагы Фрунзенская артели ар кандай утильдерди даярдайт, 100 миң рублга жеткен дефициттик продукция берет..
ЦГА КР. Ф. 23. On. 1. Д. 1159. Л. 112-133. Копия.
Фрунзенский Горздравотдел 1932-жылдагы иши тууралуу. Документ №86