Афанасьев Виталий Аркадьевич

Афанасьев Виталий Аркадьевич
Химия боюнча илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
1928-жылы туулган. Саратов мамлекеттик университетин аяктаган.
1960-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясына органикалык химия институтунун илим боюнча директордун орун басары кызматында чакырылган. Бул институттун директору болуп иштеген, бир убакта лабораторияны, химиялык технология бөлүмүн жетектеген, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ылдамдатылган киргизүү борборунун директору болуп иштеген.
Анын илимий кызыгуулары негизинен углеводдордун, анын ичинде полисахариддердин химиялык жана структуралык түзүлүшү, реакциялык жөндөмдүүлүгү жана катализи, ошондой эле органикалык химияда физикалык ыкмаларды колдонуу маселелерине багытталган. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында шекерлердин гликозиддик борборундагы реакцияларды өткөрүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү аныкталган, аз токсичүүлүк, жогорку сууда эруүчүүлүк жана тандалма аракетке ээ физиологиялык активдүү заттарды синтездөө үчүн каталитикалык ыкмалары иштелип чыккан. Шосткин химиялык реактивдер заводунда мочевина гликозидин алуу ыкмасы өндүрүшкө киргизилген, ал онкологияга каршы медициналык препараттарды синтездөө үчүн негиз болуп саналат.
Кемчиликсиз жана натыйжалуу илимий жана ойлоп табуучу иши, илимий кадрларды даярдоо үчүн “Эрдик эмгеги үчүн” юбилейлик медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, ЛКСМ БК, Ленин райондук партия комитети, Республика профсоюздар комитети, Менделеев атындагы ВХО Республика бөлүмү, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму менен сыйланган.
300дөн ашык илимий эмгектер, анын ичинде 15 монография жана илимий-популярдуу брошюралар, окуу куралдары жарыяланган, 25 ойлоп табуу жана технологиялык иштеп чыгуулар автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. N-глюкозид мочевина алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 382613,1973.
2. Целлюлозаны деструкциялоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 507584,1976.
3. Сорбенттерди алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 731744,1980.
4. Пороздук структурадагы целлюлозалык порошокторду алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 840062,1981.