Батманов Игорь Алексеевич (1906-1969), филология иликтөө доктору (1950), профессор, Кыргыз ССРинин академиги (1954).Орус. Киев мамлекеттик университетин (1930) аяктаган. Киргоспединститутунда доцент болуп иштеген, Кыргыз ССРинин ИЯЛИнин директорунун орун басары, Кыргыз ССРинин ИЯЛинин директору, КЖПИнин кафедра башчысы, жалпы түркология бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин академиясында түркология жана дунгановедение бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз тилинын тарыхы, түркология, салыштырма тил таануу боюнча адис.
Эмгектери үчүн Эмгектин Кызыл Туу ордени, Ардак Белгиси, СССРдин медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгектеги мыктысы (1963). 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде монографиялары жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз тилинин грамматикасы (3 бөлүмдөн), 1939-40жж.
2. Кыргыз тилин изилдөөгө кыска киришүү. 1947.
3. Кыргыз тилинин грамматикасын түзүүнүн принциптери, 1954.
4. Енисей эски түрк жазмаларынын тили, 1959.
5. Түштүк Сибирь жана Орто Азиядагы түрк тилдеринин пайда болушунун булагы, 1965.