Журавлев Владимир Михайлович

admin Кыргызстандын илимпоздору
VK X OK WhatsApp Telegram
Журавлев Владимир Михайлович

Журавлев Владимир Михайлович (1933-1994),


техникалык илимдердин кандидаты (1968), профессор (1984)

Орус. Өзбек ССРинин Ташкент шаарында төрөлгөн. Москва энергетика институтун (1957) аяктаган.

Өзбек ССРинин Энергетика жана автоматташтыруу илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, Кыргызстандын Суу чарба илим изилдөө институтунун илим боюнча орун басары, Кыргызстандын КПнын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылыштарында депутаты, ФПИнин ректору, Кыргыз Республикасынын элдик билим берүү министринин биринчи орун басары, Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана болжоочу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Техникалык башкаруу системаларынын жана автоматташтыруу элементтеринин ишенимдүүлүгү боюнча адис.

100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби, 9 окуу куралы жана 5 ойлоп табуу жарыяланган.

Негизги эмгектери:

1. Методикалык жана методологиялык маселелер НИРС. ФПИ, 1990.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Караев Омуркул

Караев Омуркул

Караев Омуркул (1930-2002), тарых илимдеринин доктору (1984), профессор (1994) Кыргыз. Сайлык...

Комментарий жазуу: