Сатаркулов Калмырза Асанович

Сатаркулов Калмырза Асанович
Техникалык илимдердин кандидаты, профессор. 1946-жылы туулган. Москва энергетикалык институтун аяктаган, ошол жерде аспирантурада билим алган. 1980-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.
Азыркы учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде И. Раззаковдун атындагы «Теоретикалык жана жалпы электротехника» кафедрасын жетектеп жатат.
Электроизоляция жана кабель техникасы боюнча адис.
Электр энергиясы жана гетерогендик диэлектриктердин электрофизикасы боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен белгилүү. Сан теориясы боюнча жыйынтыктарга ээ.
1986-жылы Кыргыз ССРинин Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын элдик билим берүүнүн отличниги» значогун, 1999-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын, 2004-жылы илим, билим берүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө жетишкендиктери үчүн КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
90дан ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектери жарыяланган. 8 автордук күбөлүгү жана ойлоп табуулар боюнча патенттери бар. Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация коргогон.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Электр зым. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 495,2002.
2. Электр тогун электр өткөргүчтөрдө өлчөө ыкмасы. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент № 596, 2003.
3. Суюктукту индукциялык жылытуучу. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент № 683,2004.
4. Басымдуу вольтампердик мүнөздөмөсү жана каршылыгы башкарылуучу күч резистору. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент № 1030,2008.
5. Көп электроддуу конденсатор. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент № 1031,2008.