Карьера жарманкеси

Карьера жарманкеси


Америка университетинин Борбордук Азиядагы карьера борбору USAID долбоорунун алкагында сизди 2015-жылдын 25-апрелинде АУЦАда өтүүчү «Карьера жарманкеси» иш-чарасына катышууга чакырат.

Сиздин компанияңыз/уюмunuz жаңы кызматкерлерди жалдоо жана потенциалдуу кызматкерлер боюнча резюмелерди чогултуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болот. Карьера жарманкеси бул сиздин компанияңыздын/уюмуңуздун жарнамасы, көбүрөөк ачыктык, оң имидж түзүү, сиздин компанияңыздын/уюмуңуздун максаттарын жана ишмердүүлүгүн түшүндүрүү үчүн мейкиндик.

Иш-чарада бир эле учурда жумуш берүүчүлөрдүн көргөзмө экспозициялары, талапкерлер үчүн компаниянын презентациялары жана негизги жумушка орношуу, жеке жана карьералык өсүү боюнча эң актуалдуу темалар боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Бардык шарттарды «Жумуш берүүчүлөр үчүн көрсөтмөлөр» тиркемесинен таба аласыз. Иш-чарага катышуу акысыз. Эгер сиз жумуш берүүчү катары «Карьера жарманкесине» катышууга даяр болсоңуз, анда жумуш берүүчүлөр үчүн каттоо формасын толтуруп бериңиз.

Бардык суроолор боюнча карьера борборунун офисине [email protected] дарегине же 0777 772186 телефонуна Диана Цойго кайрылыңыз.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent