Бул индекс саламаттыкка зыяндуу шарттарды көрсөтөт.
Бишкектеги эң булганган үч район:
1. Мадиев көчөсү - 268
2. Байтик айылы - 22
Шаардагы негизги аба булгандыруучу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу деңгээли аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок булганууга сезгич адамдар үчүн аба кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн саламаттыкка зыяндуу | Жогорку сезгичтиги бар адамдарга таасир этиши мүмкүн, башкаларга байкалаарлык таасир бербейт |
| 151—200 | саламаттыкка зыяндуу | Бардык жашоочулар саламаттыкка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар |
| 201—300 | абдан саламаттыкка зыяндуу | Саламаттыкка кооптуу, терс таасирлерди баары сезиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Саламаттыкка кооптуу, ар бир адам олуттуу кесепеттерди сезиши мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адамдын чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, күйүү, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар ири шаарларга мүнөздүү туман түзүшөт.
21-январга карата Бишкек дүйнөлүк аба сапаты рейтингинде 3-орунду ээлейт (17:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришине жол бербөө үчүн терезелерди жабыңыз;
- коргоочу бет каптарды кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү минималдаштырыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.