
Республикадагы негизги капиталга инвестициялар 18,9 пайызга өстү
Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан экономикасы рекорддук өсүштү көрсөтүшү мүмкүн. Финансылык институт бул жаңылыкты коомчулукка бөлүштү.
Банктын маалыматы боюнча, акыркы 10 айда өлкөдөгү негизги капиталга болгон инвестициялар 18,9% га өскөн.
Экономиканын өсүшүнө салым кошуп жаткан негизги секторлор суу камсыздоо жана тазалоо, кен казуу, ошондой эле иштетүү өнөр жайы болуп саналат.
Ар кандай долбоорлорду каржылоо мамлекеттик бюджеттин (31%) жана ишканалардын өз каражаттарынын (23%) эсебинен жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www