Мурда ушундай механизм тек гана өнөр жай тармагында иштеп келген, эми анын агропромышленный секторго кеңейиши ЕАЭСке мүчө өлкөлөр арасында кооперация үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
- Бул демилге импортту алмаштырууну, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
- Кооперативдик долбоорлорду каржылоонун натыйжасында АПКда туруктуу өндүрүштүк чынжырлардын калыптанышына, мамлекеттер аралык кызматташтыктын тереңдешине жана жогорку кошумча наркы бар атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын түзүлүшүнө жардам берет.