
2023-жылы негизделген Centrum Air авиакомпаниясы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Ташкент менен Ошдун ортосундагы туруктуу каттамдарды ачарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат ОАО "Международный аэропорт "Манас" (Кыргызстандын аэропорттору) пресс-релизинен белгилүү болду.
Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү, заманбап узун фюзеляждуу Airbus A320 учактары менен жүргүзүлөт. Жаңы маршрут Узбекистан менен Кыргызстан ортосундагы туристтик жана бизнес мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн тургундары үчүн логистиканы жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө.
Centrum Air компаниясынын штаб-квартирасы Ташкентте жайгашкан жана учурда компаниянын авиапаркы 14 учактан турат.