Жылдын аягына чейин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун 5% инфраструктурасы курулат деп пландалууда.
Министрлер кабинети Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планына бекитти. Өкмөт тарабынан бекитилген планда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, 2026-жылдын аягына чейин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун инфраструктурасынын 5%ын курууну аяктоо пландалууда. Бул долбоор Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-декабрына чейин «Балыкчы – Кочкор» темир жолун жана Кочкор станциясын куруу иштерин аяктоо