
Министрлер кабинети Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планына бекитти.
Өкмөт тарабынан бекитилген планда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, 2026-жылдын аягына чейин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун инфраструктурасынын 5%ын курууну аяктоо пландалууда. Бул долбоор Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-декабрына чейин «Балыкчы – Кочкор» темир жолун жана Кочкор станциясын куруу иштерин аяктоо пландалууда.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталган, ал эми анын аякташы 2030-жылга белгиленген.
Темир жолдун жалпы узундугу 532,5 чакырымды түзөт, анын 304,9 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт.
Сүрөт www