
Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары бекитилген менюдан четтөө жана билим берүү мекемелеринде тамактануу нормаларын бузуу мүмкүн эместигин баса белгиледи. Виктория Мозгачева ошондой эле мындай окуяларга ыкчам жооп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жабыркаган балдардын ата-энелери менен жолугушуп, учурдагы кырдаал менен таанышып чыкты.
Мындан тышкары, мэрия шаардагы бардык мектептерге, алардын менчик формасына карабастан, тамактануу эрежелеринин сакталуусун катуу көзөмөлдөөнү тапшырды. Медициналык кызматкерлер менен макулдашылган бекитилген менюда эч кандай өзгөртүүлөргө жол берилбейт.
Бишкек мэриясы ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилерин окуучулардын коопсуздугу жана тамактануунун сапатына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.
Эскертебиз, массалык уулануу 31-октябрда борбордун жеке мектептеринин биринде болгон. Инфекциялык ооруканасына 58 адам кайрылган, алардын 54ү бала жана 4ү чоң киши, баары мектептин ашканасынан шауырма жешкен. Алардан 7 бала жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылган, калгандыктары зарыл жардамды алып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жалпы 84 адам жабыркаган. Алардын 79у Республика клиникалык инфекциялык ооруканасына кайрылып, анализдер жүргүзүлгөн, ал эми 5 адам жеке медициналык мекемелерге барган.