Иш-чара «Чолпон» кинотеатрында болуп, жарандар добуш берүү үчүн чогулушту. Жалпы 150 катталган делегаттын ичинен жыйында 77 адам катышты.
Жыйындын жетекчилигин Ормон-Хан айылдык кенешинин төрагасы Рыскелди Жолдошбеков алып барды. Жыйында эсептөө комиссиясы түзүлүп, андан кийин талапкерлер өз программаларын сунушташты, ар бири 3 мүнөткө созулду.
Жалпысынан 12 талапкер сунушталды, добуш берүү натыйжалары төмөнкүдөй болду:
- Моңкоев Мирбек — 45 добуш
- Тынчтык Жумагулов — 41 добуш
- Осмоналиев Таалай — 38 добуш
- Муканов Ырыскулбек — 21 добуш
- Илиязов Асанбек — 19 добуш
- Эсенбекова Зина — 19 добуш
- Жаныбек Мусалиев — 19 добуш.
18 добуштан аз алган талапкерлер шайланбай калды.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча IV Элдик курултайга делегаттар болуп төмөнкүлөр шайланды:
- Мирбек Барктабасович Моңкоев
- Тынчтыкбек Кубанычбекович Жумагулов
- Таалайбек Муктасынович Осмоналиев.
Резервдик тизмеге киргендер:
- Муканов Ырыскулбек,
- Илиязов Асанбек,
- Эсенбекова Зина.
Жыйынды жыйынтыктап, 11 адамдан турган жумушчу комитет түзүлдү, ал жыл бою курултайда талкууланган маселелер менен алектенет. Бул комитеттин төрагасы болуп Ишенбек Бекишов шайланды.
Делегаттар тууралуу маалымат:
Моңкоев Мирбек Барктабасович, 1976-жылдын 30-августунда туулган, Көк-Жар айылында жашайт жана «Кочкор» мамлекеттик асыл тукум заводунун директору.
Тынчтыкбек Кубанычбекович Жумагулов, 1988-жылдын 19-февралында туулган, Теңдик айылында жашайт жана «Теңдик» элдик үрөн чарбасынын жетекчиси. Ал III Элдик курултайдын делегаты болгон.
Таалайбек Муктасынович Осмоналиев, 1970-жылдын 12-июнунда туулган, Жаңы-Жол айылында жашайт, «Көл-Үкөк Ак Илбирс» коомдук бирикмесинин төрагасы жана 2018-жылдагы Элдик курултайдын делегаты.