
Мэриянын маалыматына ылайык, жабыркагандар убактылуу базага жайгаштырылып, бардык зарыл шарттар менен камсыздалган. Жолугушуунун натыйжасында материалдык жардам берүү чечими кабыл алынып, 22 үй-бүлөгө мэрдин резервдик фондунан 50 миң сомдон бөлүнгөн.
Жоголгон турак жайдын компенсациясы мыйзам тарабынан жөнгө салынат жана мамлекеттик камсыздандыруу механизмдери аркылуу ишке ашырылат. Жабыркагандардын арасынан болгону беш батир камсыздандырылган, жана алардын ээлери учурдагы нормаларга ылайык компенсацияга талапкерлер боло алышат.
Мэрдин орун басары В. Мозгачеванын жана Первомай районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын катышуусунда жашоочуларга жайгаштыруу, жардам алуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда мэрия жабыркаган үй-бүлөлөргө кошумча жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын карап жатат. Жайгаштыруу, кошумча жардам чаралары жана мамлекеттик мекемелер, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттенүү белгиленген тартипте иштелип чыгат.
Бишкек мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда жана жабыркаган үй-бүлөлөр толук көлөмдө жардам алышы үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.