Бүгүн Бишкекте «Заманды өзгөртүп жаткан билим берүү: Жетишкендиктер. Маселелер. Мүмкүнчүлүктөр» темасына арналган республикалык педагогикалык жыйын өтүп жатат.
Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Догдуркуль Кендирбаева, өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсалов, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан педагогдор, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана адистер катышууда.
Жыйындын күн тартибинде бир нече негизги маселелер бар:
- 2025-жылдагы билим берүү системасындагы негизги жетишкендиктер;
- Реформаларды колдонуу жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;
- Устаттардын кесиптик өнүгүүсү;
- Билим берүү системасын санариптештирүү боюнча жетишкендиктер.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын потенциалын ачуу жана педагогдордун заманбап коомдогу ролун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
``` ```