
2026-жылдын 1-9-январь күндөрү, жаңы жылдык каникулдар учурунда, медициналык мекемелер белгиленген график боюнча иштейт, жооптуу адистердин дежурствосун уюштурат. Бул уюмдарда тез жардам көрсөтүү үчүн 24 саат бою кызмат көрсөтүү камсыздалат, оорулуулардын тез арада госпитализациясы үчүн керектүү орундар түзүлөт, ошондой эле зарыл болгон дары-дармектер, медициналык буюмдар жана кан компоненттери даярдалат.
Амбулатордук тейлөө деңгээлинде, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана жалпы дарыгердик практикаларда, 1-9-январь күндөрү үй-бүлө дарыгерлери жана медсестралар дежур кылышат, ошондой эле 08:00дөн 18:00гө чейин каттоо бөлүмүнүн иши уюштурулат. Процедуралык кабинеттер 14:00гө чейин ачык болот.
Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле башка региондордогу тез жардам кызматы 24 саат бою дем алышсыз иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иштеши, ошондой эле майрам күндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана лабораториялардын адистеринин дежурствосу камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар учурунда медициналык жардам толук көлөмдө жана убагында көрсөтүлөөрүн баса белгилеп, калкты зарылчылык болсо медициналык мекемелерге кайрылууга чакырат.