
Сапарынын алкагында делегация нейрохирургия, неврология жана офтальмология боюнча Европада белгилүү Адольф де Ротшильд фондунун ооруканасын зыярат кылды. Кыргыз медиктери инсульттар боюнча тез жардам системасын жана оор абалдагы бейтаптарды реабилитациялоо методдорун изилдешти.
Визиттин жыйынтыгы боюнча тез неврология боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумун түзүү чечими кабыл алынды, ошондой эле Кыргызстандагы дарыгерлер менен аталган оорукананын адистери арасында тажрыйба алмашууларды уюштуруу пландалды.
Мындан тышкары, делегация Париждеги кардиология жана травматология боюнча тез жардам көрсөтүүгө адистешкен эң ири Жорж Помпиду атындагы Европалык оорукананы зыярат кылды. Талкуу учурунда тез медициналык жардам көрсөтүү тармагында кесиптик алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар эки өлкөнүн дарыгерлери арасында өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу жана Кыргызстандагы медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн туруктуу видеоконференциялар өткөрүү боюнча макулдашышты.



Бул визиттер биринчи кыргыз-француз форумунун бир бөлүгү болуп саналат, ал инвестициялар жана саламаттык сактоо тармагында кызматташууга багытталган, эки өлкөнүн медициналык мекемелери арасында кесиптик жана технологиялык байланыштарды бекемдөө максатын көздөйт.