
22-декабрдан баштап Бишкектеги автобекеттен Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарына 364 каттамды уюштуруу пландалууда. Кошумча каттамдарды аткаруу үчүн 101 автобус резервде турат, ал 2026-жылдын 8-12-январь күндөрү да ишке киргизилет.
Мамлекеттин бардык аймактарында жүк ташуучуларга жана автобекеттердин жетекчилерине жүргүнчүлөрдү ташууда үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү жана негизсиз тарифтердин жогорулашына жол бербөө боюнча тапшырмалар берилди. Бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу негизде жүргүзүлөт, деп билдирет Минтранс министрлигинин маалымат кызматы.