
18-январдан 24-январга чейин Бишкекте U20 (B III дивизиону) жаштар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Сорунга катышкан командаларга Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка Республикасы, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары кирет.
Турнир Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттигинин колдоосу менен, ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) жана башка өнөктөштөрдүн жардамы менен өтүүдө.