ОАО «Керемет Банк» мекемесинин жогорку жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр уланууда.
Банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болот Азыков дайындалды. Ал директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан шайланган.
Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, Болот Азыков финансылык-экономикалык саясат, башкаруу жана эксперттик ишмердүүлүк тармагында тажрыйбага ээ.
Ар кайсы жылдары Азыков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде жетекчилик кызматтарды аркалап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында эксперт болуп иштеген. Буга чейин ал банктын директорлор кеңешинин курамына кирген.
Ошондой эле ОАО «Керемет Банк» мекемесинин директорлор кеңешине буга чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдарында жана банк тармагында иштеген Женишбек Муратбеков шайланганы маалымдалды. Ал банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын ээледи.
Мындан мурда банк башкармалыгынын төрайымы кызматын аркалап келген Татьяна Куржей 2025-жылдын декабрь айында өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирген.