Минсельхоз: Электрондук кезекке катталбастан жеңилдетилген кредит алуу мүмкүн эмес

Ирина Орлонская Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
- Мамлекеттик программалар боюнча жеңилдетилген кредиттерди алууну каалагандар биринчи кезекте коммерциялык банктар аркылуу электрондук кезекке туруп алышы керек. Бул тууралуу 11-февралда КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев билдирди.

Ал «ФСХ-14» программасы өз ишин баштаганын жана мүмкүнчүлүгү бар карыз алуучулар банктардын филиалдарына арыздарын берүү үчүн кайрылышы мүмкүн экенин тактады. Электрондук кезекке алдын ала катталбай кредит алуу мүмкүн эмес.

Министрдин орун басары ошондой эле программаны бекиткенден кийин банктар калк менен маалыматтык иштерди жүргүзүшү керектигин белгиледи. Учурда финансылык мекемелер өз филиалдарында жана социалдык тармактарда түшүндүрмө маалыматтарды жайгаштырууга киришкен.

Ал фермерлерди жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү программадан пайдалануу үчүн алдын ала арыз берип, кезекке турууга чакырды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Суу чарбасы

Суу чарбасы

Суу пайдалануу жана суу керектөө системасында, ички чарбалык жана мамлекеттер аралык суу...