Бул чара аукциондорду өткөрүү менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Жаңы убактылуу жобого ылайык, аукциондун катышуучулары, анын уюштуруучусу жана техникалык оператору ортосундагы документ жүгүртүүсү электрондук аукциондун расмий порталында жүргүзүлөт. Бул электрондук документтерди, ошондой эле кагаз түрүндөгү маалыматтардан сканерленген үлгүлөрдү жана ЭЦП аркылуу кол коюлган документтерди колдонууну камтыйт.
Жер алдындагы байлыктарды пайдалануу укугун берүү процессу конкреттүү участоктор боюнча электрондук аукциондор аркылуу жүргүзүлөт, алардын реестри аукционду уюштуруучу тарабынан түзүлүп, жыл сайын бекитилет.
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тапшырылды:
- бул токтомдун күчүнө кирген күнүнөн тартып 2026-жылдын 30-сентябрына чейин жер алдындагы байлыктарды пайдалануу укугу үчүн электрондук аукциондорду өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу.
Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.