Депутаттар Ысык-Көлдүн сууга батышын изилдөө үчүн комиссия түзүүнү сунушташты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин илим жана билим берүү боюнча комитети сыртка чыгып, улуттук илимдер академиясынын иши менен таанышуу максатында жыйын өткөрдү. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга депутаттар: Гулшаркан Култаева, Салтанат Аманова, Болот Сагынаев, Сеидбек Атамбаев жана Эрулан Кокулов катышты. Жыйын комитеттин төрайымы Токтобубу Ашымбаева тарабынан жетектелди. Катышуучулар илимий-изилдөө иштерине, ошондой эле мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык