Кыргызстандын бюджети приоритеттерин өзгөртүп, өнүгүүгө багыт алды - Касымалиев
Телевизион каналдарга өткөн жылдын жыйынтыктары жана келечектеги пландар тууралуу берген интервьюсунда, өкмөт башчы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстан бюджетинин приоритеттерин социалдык тармактан өнүгүүгө бурулганын билдирди. Анын айтымында, болжолдонгон консолидирленген бюджеттин көлөмү 1 трлн 93,1 млрд сомду түзөт.