Токмокто эр киши өлтүрүлгөн. Анын аялы кармалды.
ГУВД Чүй облусунун маалымат кызматы 16-мартта өлтүрүүгө шектелген адамдын кармалганы тууралуу маалымат берди. 15-мартта саат 06:47де Токмок шаардык милициясынын кезектеги бөлүмүнө 3-микрорайондо көп кабаттуу үйдө болгон өлтүрүү тууралуу сигнал келип түштү.